Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграм баракчасына жазды.
“Эртеңдерден даарыланууга алыска кетип жатам. Бирок, 4-октябрь шайлоого келип калам. Милдеттүү түрдө өз добушумду – өзүмдүн тандаган партияма берем.
Мени азыр ден-соолугум эмес, өлкөбүздүн тагдыры көбүрөөк ойлондуруп жатат. Канчалаган карызга мамлекетибиз дагы батат? Балдарыбыз кантип төлөйт? Биз картайганда кандай колдоо өлкөбүздөн күтөбүз? Эмне деген жашоо күтүп жатат? Депутаттар эл адамы деп аталып, жаңы закондорду чыгарышат. Анан – беш жылда бир элге кайрылып, өкүлдөрү аркылуу кээ бирлерди кыйнап, зордоп, пара сунуштап, бири-бирин жамандап, көчөлөргө беттерин илип аран элге өзүлөрүн таанытышат”, – деп жазган ырчы.
Булак: govori.tv