Ойго келгенде жазып койбосо унутулуп калат.
Өткөндө кыргыз тили жөнүндө сөз кылып калдык. Мен унаа, үналгы, сыналгы, чубалгы деген кее бир журналистердин жазгандарын, айткандарын угуп таӊ калам. Өз алдыбызча мамлекет болгондон кийин бир досум «учак» деп калды. Аныӊ эмне десем Самолет дейт. Мурун самолет эле деп жазылчу жана айтылчу эмес беле эмне үчүн учак деп жатасыӊ десем-«Түрктөр ошентип айтата экен» деди. Мына кызык, түрктөр тезек жесе сен да жейсиӊби десем кызаӊдап уруша кетти. Сен экономистсиӊ, кыргыз тилин түшүнбөйсүӊ деп. Окуп жүргөндө кыргыз тилинен сочинение жазганда мен эч качан төрт алчу эмесмин. Роман, повесттерди деле жакшы түшүнчүмүн. Манасты деле бардык вариантын окуп түшүндүм эле. Азыр кандайча кыргыз тилин билбей калдым деп калдым. Учактын ичине самолет, вертолет, ракета, истребитель, бомбардировщик, штурмовик, транспорт самолету, спутник, космостук корабль баары кирип кеттиби?
Ал эми унаа деп өгүздү айтчу эле. Өгүз жаӊы туулганда музоо дейт, анан торпок болот. Эркегин бычып койсо өгүз же унаа болот. Унаа жүк ташыйт. Бычпаса бука болот. Буканын функциясы башка. Эми мен минип айдап жүргөн Лексус-470 «Бычылган Лексус -470» болуп калабы. Бычылган Мерседестер, Тойоталар, КАМАЗ, МАЗдар, автобустар, троллейбустар,трамвайлар, ЗИЛдер, Москвичтер жана Волгалар. Анча болду, повесть, роман, новелла, пьесаларды деле которсок болбойбу. Журналды «дептерче гезит» десек болобу. Зымды чубалгы дешет. Аркан чубалат, жип чубалат, ичеги чубалат, маӊкаӊ да чубалат ж.б.у.с.
Китеп окуучуларды окурман дешет. Анда тамак жегендерди жээрман, ичерман,басарман, чуркарман, угарман десек болобу. «Укмуштуунун төөсү жорго» же «Боекчу боёкчу десе сакалын бойойт». Боёктун, сырдын атын да өзгөртүп алышыптыр.
Жазуучулар, кыргыз тил жана адабиятынын «Профессорлору» жана журналисттер таарынбагыла. Тил терминдер жана жаӊы пайда болуп колдонулуп жүргөн техникалардын аты менен байыйт. Илим менен техника өскөн сайын тил байыйт.
Айылчы Сарыбаев