-Пандемиянын айынан той өткөрүүгө тыюу салынды. Ал эле эмес, Борбордук шайлоо комиссиясынын ырчылар шайлоонун үгүт иштерине катышпайт деген чечими чыкты. Ал чечим шайлоодо каражат таап, маселелерибизди чечип алабыз деген ырчыларга оор тийген жокпу?
-Шайлоонун үгүт иштерине ырчылар катышпайт деген сөз бир жыл мурун эле айтылып жүргөн. Кабардар болгон үчүн биз ага даяр болчубуз. Жеке өзүм жөнүндө айтсам, шайлоонун үгүт иштерине өтө деле көп катышкан эмесмин. Тагыраагы, шайлоодон кынык алып калгандардын катарына кирбейм. Ошон үчүн мага БШКнын шайлоодо ырчылар үгүт ишке катышпайт деген чечими анчалык деле оор тийген жок. Негизи пендеге кайсыл жактан ырыскы келсе, ошол ырыскы менен жашайт экенбиз. Пандемия бир эле ырчыларды эмес, мамлекетибизди да экономикалык жактан аксатты. Биз, ырчылар деле карапайым калктын ичиндебиз. Тойлор токтоп калды. Бирок кол куушуруп отуруп калган жерибиз жок. Убактылуу болсо да башка тармактарда иштеп, каражат табууга, маселебизди чечүүгө аракет кылып жатабыз. Кудайдан болуп, элди тооруган, санааркаткан апаат эртерээк бүтсө экен, эл аман, эл ичинде биз аман болсок экен деп тилеп эле отурабыз.
-Үйдө отурганда чыгым көп болот бекен?
-Пандемиядан улам той-топурга, куран окутууга, съёмкага барбай, үйдөн чыкпай отуруп, акча деле коробойт калат экен. Негизи, канчалык акча көп табылган сайын, ошончолук чыгымдар көбөйөт. Эң башкысы беш сом тапсак да ошонун берекесин берсин. Айтайын дегеним, кээде сайдыкы сайга, кумдуку кумга дегендей эле болуп калат. Тойдон тапкандарыбыздын баш-аягын таппай калабыз.
Негизи, өнөрпоздор тойлорду күтүп отура бербей кошумча киреше таба турган булактарды дагы колго алышыбыз керек экен деп ойлоп калдым. Анткени, кырдаал ар кандай болот экен. Бирөөнүн ыр уккусу келмек тургай, өзүңдүн деле ырдаганга маанайың жок болгон мезгилдер болот. Ошон үчүн башка кесиптештеримдей кошумча булак табуунун жолдорун колго алышыбыз зарыл деп ойлоймун.
Айкөкүл Мырзабекова, Булак: “Майдан. kg” гезити