Печать
Категория: Коом
Просмотров: 129

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагасы Жаныбек Ашировду кылмышка шектүү катары кармады.
Бул тууралуу 14-сентябрда атайын кызматтын басма сөз кызматы кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, 11-сентябрда УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине жергиликтүү тургундан келип түшкөн арызды каттап, Жазык кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмүнүн (“Пара талап кылуу”) негизинде сотко чейинки өндүрүш баштаган.
Арызданган адам райондук соттун төрагасы андан ишин оңунан чечип берүү үчүн пара талап кылганын айтып берген.
УКМК “14-сентябрда жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын негизинде Кара-Суу райондук сотунун төрагасы талап кылган акча каражатын алып жаткан учурунда кармалды. Тергөө жүрүп жатат” деп маалымдады.
Жогорку сот окуянын чоо-жайы тууралуу азырынча маалымат бере элек.

Булак: "Майдан.kg" газетасы