Печать
Категория: Коом
Просмотров: 143

Жалал-Абад облусундагы Чаткал районуна караштуу Каныш-Кыя айыл аймагында алтынды өз алдынча казгандар дарыяны булгап гана тим болушпастан, ар кандай уулуу заттарды да агызып жатышкандыктары айтылып, жазыла берип, бүтүндөй коомчулукка белгилүү болуп калды окшойт. Жакында тиешелүү мамлекеттик ведомстволор ушундай экологияны бузган жеке ишкерге Шабданбек Субановго 5 миң сом айып пул салышты. Бул тууралуу ММКларга  Чаткал, Ала-Бука жана Аксы райондору боюнча экотехинспекциянын башчысы Эрмек Төлөбаев 15-сентябрда билдирди.
Субанов «Металл-Альянс» ЖЧКсынын негиздөөчүлөрүнүн бири экен. Аталган компания Чаткалда 72 гектар жерде алтын чалгындоо үчүн 2019-жылы төрт жылга лицензия алган. Бирок Төлөбаевдин айтымында, бул компания уруксак алган аймакты эмес, башка жерди булгаган.
«Мурда да иш козголгон экен, бирок мен чечимдер менен толук таанышпадым. Лицензия алган жери башка, ал эми суу булгаган жери башка. Былтыр иш козголуп бардыгы болуп 900 миң сом айып салынып, мамлекетке өндүрүлгөн», — деди Төлөбаев. 
Буга чейин, 10-сентябрда, экоактивист Айбек Мырза Чаткал районунда булганган дарыянын видеосун жүктөгөн. Ал эми Мырза жергиликтүү экотехинспекцияга кайрылганда, имараттан активисттерди укук коргоо органдарынын кызматкерлери кууп чыгышкан. 
Көп өтпөй окуя болгон жерге Каныш-Кыя айылдык кеңешинин депутаттары бир нече тургундар менен келишип, экоактивисттер менен чырдаша баштаган. Чогулгандардын бири активисттерден Чаткалдан тез арада кетип калууну талап кылган.

Булак: "Майдан.kg" газетасы