Печать
Категория: Коом
Просмотров: 83

Бул тууралуу 14-сентябрда атайын кызматтын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 11-сентябрда УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине жергиликтүү тургундан келип түшкөн арызды каттап, Жазык кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмүнүн (“Пара талап кылуу”) негизинде сотко чейинки өндүрүш баштаган.

Арызданган адам райондук соттун төрагасы андан ишин оңунан чечип берүү үчүн пара талап кылганын айтып берген.
УКМК “14-сентябрда жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын негизинде Кара-Суу райондук сотунун төрагасы талап кылган акча каражатын алып жаткан учурунда кармалды. Тергөө жүрүп жатат” деп маалымдады.

Жогорку сот окуянын чоо-жайы тууралуу азырынча маалымат бере элек.

Быйыл жыл башында ишиндеги кемчиликтери үчүн жана коомдогу сын пикирлерден улам бир судья кызматтан кетип, дагы бирин жумуштан алуу боюнча сунуш президенттин кароосуна жиберилген.

Шайлоо алдында өлкөбүздүн калкы өтө көп бул райондун сотунун пара менен кармалышынын саясый өңүтү жокпу?

Анткени азыртан эле ар кандай үгүт иштерин мыйзамсыз жүргүзүү ушул райондо катталып жатышы жана аларга мыйзамдуу чаралардын көрүлбөй калышы айланып келип соттордун кайдыгер же кайсы бир партияга жан тартышын каңкуулап аткан...