Печать
Категория: Коом
Просмотров: 547

Кыргызстандын Орусиядагы мурдагы элчиси Райымкул Аттокуровдун «Кыргызстанда Орусияга кошулуу маселеси талкууланууда» деген сөзү коомчулукта кызуу талкуу жаратууда.

Мындан улам айткандары үчүн экс-элчи макамынан ажыратууну укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров талап кылууда.

Ал мындай талабы менен бүгүн, 17-сентябрь күнү Тышкы иштер министрлигинин алдына пикетке чыкмакчы. Укук коргоочунун билдиргенине караганда, ТИМ мурдагы элчинин мындай аракетине баа берүүгө тийиш:

«Аттокуров экс-элчи макамынан жана ага тиешелүү бардык жеңилдиктеринен ажыратылышы керек. Аны «персона нон-грата» деп жарыялоону да талап кылам. Андайларга Кыргызстанда орун жок», -деди Токтонасыров. Белгилей кетсек, ал интервью берип жатын Кыргызстандын бир эле жетишкендиги — бул эгемендик экенин баса белгилеген.

Кыргызстандын Орусиядагы мурдагы элчиси Райымкул Аттокуровдун орус басылмаларынын бирине «Кыргызстанда Орусиянын курамына кирүү маселеси талкууланып жатат» деп айтканы жарыяланган. Коомчулукта экс-элчинин мындай сөзү «өз өлкөсүнө жасаган чыккынчылык», «чагымчылдык» деген сынга кабылып, кызуу талкууланып, сынга алынууда.

Булак: Элгезит