-Негизи мыйзам жол берсе шайлоого бара беришет. Бирок моралдык жоопкерчилигин эске алганда, алардын шайлоого катышууга акысы жок. Жеке алар эле эмес кечээ издөөдө жүрүп, суралып, соттолуп жаткандар деле шайлоого аттанып жатышат. Кыскасы, жалпы элди уят кылгандар деле уялбай -этпей шайлоого аттанышты. Бөлөк планетадан татыктуу кишилерди алып келе албагандан кийин, эми кимге добуш бериш керек экенин эл өзү тандайт да. Кыскасы, жакшысы - жаманы, уяты бары -жогу биригип алып эле ойлонбостон шайлоого баратышат.
Булак: “Майдан. kg” гезити