Печать
Категория: Коом
Просмотров: 128

23 мамлекеттен 98 окумуштуунун макалалары орун алган эки томдук Чыңгыз Айтматов жөнүндө илимий изилдөөлөр китеби Түркияда басылып чыгып, Айтматов тууралуу китептердин тизмесин толуктады. 2018-жылы — Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгынын урматына Түрксой тарабынан «Чыңгыз Айтматов жылы» болуп жарыяланган. (Муну мененкатар).

Заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына жана бул дүйнөдөн өткөндүгүнүн 10 жылдыгына карата “Кылымга тете бир өмүр” темасындагы улуттук жана эл аралык деңгээлдеги иш-чаралардын алкагында Түркиялык продюсер, режиссёр жана жазуучу Өмер Эрдоган КАФ басма үйү жана «Чыгыш менен батыштын ортосундагы Анатолья маданий долбоорунун негизинде «БОЗКЫРДЫН ОЙГОНУШУ ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ» эки томдук китеби жарыкка чыгарылды.

Китептин бет ачары жана тапшыруу аземи үстүбүздөгү жылдын 10-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясында болуп өттү. Аталган аземге Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигинин Маданият жана Таанытуу Кеңешчиси Нури Шимшеклер, Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын Президенти Мурат Джуматаев, Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору Абдылдажан Акматалиев жана ошондой эле китепте макалалары орун алган Илимдер Академиясынын жана институттун адистери катышышты. Аземде аталган жыйнак Айтматов жөнүндөгү китептер тизмесинде маанилүү орунду толуктагандыгы
белгиленип, китептин бет ачар аземине катышкандарга жана ошондой эле аталган китептин жарыкка чыгышына өз салымын кошкондордун баарына ыраазычылык билдирилип китептер таратылды.

Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигинин Маданият жана Таанытуу Кеңешчиси Нури Шимшеклер, аталган азем алкагында бул маанилүү долбоор тууралуу маалымат берип, төмөндөгүлөргө токтолду: “Түркия
Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын 2018-жылы Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын урматына Кыргызстанга жасаган иш сапарында башталган Айтматов тууралуу макалалар жыйнагы 2 жылдык талыкпас
мээнетин натыйжасында жарыкка чыкты. 

“Майдан - пресс”, Булак: “Майдан. kg” гезити