Печать
Категория: Коом
Просмотров: 93

Эгер бул абал күч ала берсе, анда коронавирус да кайра жанданышы мүмкүн. Ошондуктан Бишкек мэриясы шаардагы эпидемиологиялык абалдын курчуп кетишинин алдын алуу үчүн коомдук тамактануучу жай, кафе-ресторан жана тойканаларга көзөмөлдү күчөтүү тууралуу буйрук чыгарды. 

Коомдук тамактануучу жайларда санитардык эрежелерди бузган учурда Бузуулар жөнүндө кодекстин 150-беренеси (“Коомдук саламаттык сактоо тармагындагы техникалык регламенттердин, санитардык эрежелердин, гигиеналык ченемдердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу”) жана 293-берене (“Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу”) менен териштирүү жүргүзүлөт. Ал эми экинчи жолу эреже бузганы аныкталса, Жазык кодексинин 280-беренеси (“Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу”) менен сотко чейинки өндүрүшкө алынат.

Мэрия шаардыктарды коомдук тамактануучу жайларда той, куран окутуу сыяктуу жапырт иш-чараларды өткөрбөөгө чакырды. Ооба, мурда “аш көп болсо, каада көп”,- демекчи, ашкана, тойканаларда түрдүү мааракелерди өткөрүү мода болчу. Бирок бүткүл адамзаттын башына түшкөн пандемиядан кийин аң-сезимибиз да өзгөрүп, куран окутуу, үйлөнүү той жана башка үй-бүлөлүк мааракелерди тууган-уруктарды чакырып эле өткөрүүнүн мезгили келди окшойт.
11-сентябрдагы маалыматка ылайык, коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул илдет 44 761 адамга жукту, алардын 40 631и айыкты, 1063 бейтап каза болду. 

Булак: “Майдан. kg” гезити