Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 16-сентябрда саат 05:14тө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жердин силкинүүсү Ош облусунун Өзгөн районунун Шоро-Башат, Жийде, Жыланды, Калта жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Чангет айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Булак: Кабар