Печать
Категория: Коом
Просмотров: 93

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

11-сентябрда «Ж.З.» аттуу жергиликтүү тургундан келип түшкөн кайрылуунун алкагында, УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмү (Пара талап кылуу фактысы) боюнча сотко чейинки өндүрүш ачкан.

Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагасы «А.Ж.С.» экинчи тарапка оң чечим чыгарып берүү боюнча «Ж.З.» аттуу жергиликтүү тургундан акча каражатын талап кылган.

14-сентябрда жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын негизинде, Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагасы «А.Ж.С.» пара алып жаткан учурунда кармалды.

Тергөө жүрүп жатат.

Булак: Маралфм