Бул тууралуу республикалык ыкчам штаб маалымдады. Маалыматка караганда, имаратта 26-октябрга чейин оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт.
Ал эми шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасы жугуштуу оору менен жабыркаган балдарды кабыл алууну токтотуп, соматикалык ооруларга чалдыккан балдарды кабыл алууга өттү. Республикалык дерматовенерологиялык борбор бейтаптарды кабыл алууну баштады.
Булак: media-center.kg