Бул тууралуу «Маралга» Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.
Акышевдин айтымында, өлкө ичинде августтан баштап Бишкек-Ош туруктуу каттамы менен күнүнө 2-3 рейс ишке ашырылып келсе, сентябрь айынын аягынан баштап Жалал-Абад жана Баткен шаарларына да каттамдар кайрадан жандандырылат. Учууларды Tez Jet Airlines авиакомпаниясы ишке ашырмакчы.
Белгилей кетсек, өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдан улам, март айында Кыргызстандагы ички жана тышкы аба каттамдары убактылуу токтотулган болчу.
Булак: Маралфм