Бул тууралуу Медициналык жардам жана дары-дармек саясатын уюштуруу башкармалыгынын башчысынын м.а. Нургул Ибраева билдирди.
Анын айтымында, бул колдонмо 3-варианттагы жетишпестиктерди эске алуу менен иштелип чыккан.
Айта кетсек, биринчиден пневмониянын коду бекилди – U07.2. Андан сырткары, стационардык жана амбулатордук дарылоо бөлүндү.
Ошондой эле, төмөнкү алгоритмдер иштелип чыкты:
1. Коронавирус жана өнөкөт оорулары бар бейтаптарды дарылоо боюнча;
2. Балдарды дарылоо боюнча
3. Кош бойлуу жана жаңы төрөгөн аялдар үчүн алгоритм;
4. Амбулатордук дарылоо боюнча;
5. Кайра калыбына келтирүү (реабилитация) программасы.
Анын айтымына, декстаметазон сыяктуу дарыларды консилиумдун чечими менен колдонулсун деген чечим чыгарылды.
Булак: bars.media