“Акыркы бир айдын ичинде абал турукташып калгандыктан, саламаттык сактоо министрлигиндеги чыгашалары дагы азайды. Ошондуктан сырттан келген жардамдарды экономикага оң таасирин тийгизе турган багыттарга жумшап жатабыз. Анын ичинде капиталдык салымдар бар, алардын ичинен дагы эң керектүү гана капиталдык обьектилерге жумшалып жатат: таза суу менен камсыз кылуу системасына, ирригация системасына, жолдорду оңдоого, авариялык абалдагы мектептерди оңдоого, ооруканаларды салуу жана реконструкциялоо жумуштарына жумшалып жатат", - деп билдирди КР Вице-премьер-министри Эркин Асрандиев.
Анын айтымында, каражаттын бир топ бөлүгү экономиканы кайра жандандыруу, ишкерликти колдоо максатында жеңилдетилген каржылоого жумшалып жатат.
"Бүгүнкү күндө жеңилдетилген насыялоого бөлүнгөн жалпы сумма 4.5 млрд сомду түзөт, анын ичинен 2 млрд сомду Улуттук банк насыялык аукцион аркылуу банктарга берди. Калган 2,5 млрд сому бюджеттен ички жана сырткы булактардын эсебинен каржы министрлиги аркылуу банктарга ишкерлерди каржылоо максатында берилип жатат”, - деп кошумчалады КР Вице-премьер-министри Эркин Асрандиев.