Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы менен 68 адам катталды. Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова онлайн брифингде билдирди.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек шаарында - 13
- Чүй облусунда – 4
- Ош облусунда - 11
- Талас облусунда - 7
- Нарын облусунда – 1
- Ысык-Көл облусунда – 8
- Жалал-Абад облусунда – 8
- Баткен облусунда - 16
Кыргызстанда коронавирус жана пневмония инфекциясына чалдыккандардын жалпы саны 44526 адамды түздү.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен 198 адам сакайып, ооруканадан чыгарылды. Ал эми коронавирус илдетинен жалпы 40 158 адам айыгып чыккан.