Печать
Категория: Коом
Просмотров: 126

Жакында ошол Зардалы айылына электр энергисы жеткирилмекчи. Бул тууралуу «Ошэлектр» ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Президент Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү» жылына карата, аймактарды толук, сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында, Улуттук энергохолдингдин башкармалыгынын төрагасы А.К. Назаров жана «Ошэлектр» ААКунун башкы директору А.Б. Жусуев Зардалыга барып, жеринен таанышып, айылдыктарга электр энергиясын жеткирүү тууралуу маселени талкуулашты.

“Жыйынтыгында «Ошэлектр» ишканасы тарабынан 10кВ жогорку чыңалуудагы узундугу 10км болгон аба чубалгысы куруу маселеси негизги багыт катары каралды. Ошондой эле Зардалы айлына баардык үйгө 0,4кВ аба чублгысы жана 2 даана көмөк чордону курулат. Мындан сырткары, айылдан 4 км алыс жайгашкан Кыргыз Республикасынын чек ара кызматынын заставасына 1 даана көмөк чордону коюлуп, 0,4 кВ аба чубалгысы тартылып «Ошэлектр» ишканасы тарабынан толук электр энергиясы менен камсыз боло турган болду”, – деп айтылат маалыматта.

Зардалы айылынын жашоочуларына электр жарыгын тартуу иштери бүткөнгө чейин убактылуу жарык менен пайдаланып туруу үчүн 20 даана күн нурунан алган электрдик батареялар тапшырылды. Эске салсак, соңку бир нече жылдардан бери Зардалыда жарык жеткирүү эң орчунду көйгөй болуп келген. Айылга жетүү татааал болгондуктан жылдын саналуу айында гана унаа менен барууга болот.

 

Булак: "Майдан. kg" гезити