Печать
Категория: Коом
Просмотров: 105

Учурда өлкөдөгү бардык мектептерди интернет менен камсыз кылуу саясаты ишке ашырылып, ал президент С.Жээнбековдун жеке көзөмөлүндө турары белгилүү. КР маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети тараткан маалыматка ишенсек, учурда өлкөдөгү 2 миң 106 мектепке интернет жеткирилди. Ал эми өлкөдө жалпы 2137 мектеп бар.

Аталган маселеге токтолгон комитеттин төрагасы Алтынбек Исмаиловдун айтымында, учурда калган мектептерди интернетке туташтырууда көйгөйлөр бар.

“Бүгүнкү күндө мектеп окуучулары жана студенттер аралыктан билим алышат. 28-августта биз Билим берүү жана илим министрлиги жана уюлдук операторлор менен биргеликте жолугушуу өткөрүп, анда билим берүү мекемелеринин онлайн режиминде билим алууга даярдыгы жөнүндө суроолорубуз көтөрүлдү. Мүмкүн болгон техникалык көйгөйлөрдүн алдын алуу иштерин жүргүзүп, тармактын үзгүлтүккө учурашынын себептерин аныктадык. Республикада 31 мектепте Интернетке туташууда кыйынчылыктар бар экени белгилүү болду, алардын 11инде тармак иш жүзүндө орнотулду”, - деди ал.

 

Булак: "Майдан. kg" гезити