Печать
Категория: Коом
Просмотров: 238

Азимбек БЕКНАЗАРОВ, Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси: “Ата-бабалардын тилеги орундап, толук көз карандысыз мамлекеттүүлүгүбүзгө жетиштик”

- Кылымдар бою эркиндик үчүн күрөшүп, өз жерин душмандардан канын төгүп, коргоп келген ата-бабалардын тилеги орундап, толук көз карандысыз мамлекеттүүлүгүбүзгө жетиштик. Кыргыздар “Кыргызстан” деген өз үйүбүздү бүткүл дүйнөлүк деңгээлде тааныттык. Тилекке каршы көз карандысыздыгыбызды жарыялаган Декларация менен (1991-ж. 31-август) Эгемендүүлүк жөнүндөгү Декларациянын (1990-ж. 15-декабрь) айырмасын билбей, эң жогорку деңгээлде көз карандысыздыктын күнүн эгемендүүлүктүн күнү деп бирибирибизди куттуктап жүрөбүз. Эмгек Кодексинде 31- август көз карандысыздыктын күнү майрам күн деп турат. Ага да көңүл бурбайбыз. “Депутаттарды тандоону”, “депутаттарды шайлоо” -деп жашап жүргөндөй эле, бул улуу сөздү да түпкү маңызында туура колдонбойбуз. Совет доорунун алгач жылдарында бүткүл кыргыздардын, Компартиянын же эмгекчилердин курултайларына жер-жерлерден делегаттар шайланган. Туура, делегеттар, жергиликтүү баштапкы уюмдардын жыйындарында шайланчу. Азыр биздин партиялар курултайында “120 депутатын” Жогорку Кеңешке “делегат” десе туура болмок. Бирок депутаттар шайланбаш керек, ал эл тарабынан тандалышы керек. Орустардын “выбор” деген сөзүн тандоо дебей, “шайлоо” деп, “избирательной системасын” “шайлоо системасы” деп, “избиркомун” “шайлооком”- деп адашып жүрбөйбүзбү?! Ушуларды түпкү маанисине шайкеш келтире турган Улуттук академиябызда тийиштүү институттар, илимпоздор бар. Дегеле терминдерди түпкү маанисинде туура колдонуу боюнча өз сунуштарын бергенин уга элекмин. 1993- жылкы Конституциябыздан башка кийинки Конституцияларыбыздын кыргызчасы менен орусчасы дал келбей, эки маанини түшүндүрүп, айрыкча акыркы, азыркы вариантыбыз ушундай дал келбөөчүлүктөн үч жолу оңдолду, акыркы жолу 2016- жылкы референдумда. Ушулардын баары көз карандысыздыктын, эгемендүүлүктүн кадырына доо келтирип келет.

Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: профессор: “Бир ууч шүдүңгүттөр Кыргызстандын байлыгын ит бекер менчиктештирип алышты”

- 1991-жылы Кыргызстан өзүнүн карт тарыхында биринчи жолу толук эгемендүү эркин мамлекет болуу бактысына бөлөндү. Бул чоң олжо болду. Ал кездеги дүйнөдө экинин бири болуп “күркүрөп»” турган Советтер Союзу бир нече саткынчылардын азабынан эле дүйнөлүк масондук уюмдардын курмандыгы болуп калды дагы, ырайымсыз капитализмдин тайгак кечүү, тар жолу менен өтө каар заманына бет урду. Биздин Кыргызстандын тагдыры ошондой глобалдык катастрофанын ыргагы менен эле чечилди. Кудайдан болуп эркиндик колубузга кан төгүлүүсү жок берилди. Бул эң чоң бактыбыз. Анан кийин бизди башка өлкөлөр менен бүткүл дүйнөлүк интеграциялык уюмдар расмий тааный башташты. Мунубуз дагы зор олжо болду. Эл аралык каржы институттары болсо күргүштөтүп жардамдарды бере башташты. Муну деле кубанып алып жаттык. Бир аз токтоп ойлонгонго деле кудуретибиз жетпеди. Эгемендүү өлкө үчүн зарыл болгон атрибуттарга ээ болдук: туу, гимн, герб, улуттук валюта ж.б. Анан Конституция баш болгон мыйзамдарды өзүбүз кабыл алдык. Алгачкы президентибиз менен парламентибиз шайланды, өкмөт түзүлдү. Ушулардын баары жакшы жетишкендиктербиз деп айтсак болот. Тилекке каршы, эгемендүүлүк өзү эле асмандан түшө калгандай болуп жыргай түштүк. Анын чыныгы баасын, баркын, кадырын биле албай эле, капитализмдин жапайы базарын көздөй бой таштадык. Кадырына катуу доо кетирдик. Эмне үчүн мындай пессимисттик сөздөрдү айтып жатам? Өзүңүздөр ойлоп көрүңүздөрчү? 1991-жылга чейин Кыргыз ССРинин өндүрүшү, айыл-чарбасы, социалдык инфраструктурасы кандай эле? ХХкылымдын дүйнөлүк талаптары менен чакырыктарына толук ылайык келчү эле го? Мен эми ошол кездеги алгачкы саясий лидерлерге таң калам. Бүтүлүү буюмдарды бүлгүнгө салып жиберишти. Болбогон эле бир аз тарыхый убакытта гүлдөп турган экономиканы талкалап, канбайрам кылышты. Элдин ортолук мүлкүн күл кылып сапырышып, жапайы айбандардын мүнөзүнө салып, талатып жиберишти. Анын пайдасын кимдер көрүштү? Ошол эле партиялык-советтик номенкулатуранын өкүлдөрү, мурдатан соода-сатык иштери менен алектенип жүрүшкөн чайкоочулар жана алардын балдары, жакын туугандары. Калп эле приватизация деген шылуун долбоорду бетке тутушуп, бир ууч шүдүңгүттөр Кыргызстандын байлыгын ит бекер менчиктештирип алышты. Мугалим, врач, маданият кызматкерлери дээрлик түрдө кур жалак калышты. Завод-фабрикаларды талап-тоноп алган макулуктар кыргыз экономикасына бир тыйын пайда келтирбей, талкалап гана сатып жиберишти.

Кеңешбек ДҮЙШӨБАЕВ, коомдук ишмер: “Эгемендикке ээ болгону Кыргызстан өз тагдырын өзү чечкенге толук мүмкүнчүлүк алды”

 - Кыргызстан өз алдынча мамлекет болуп, Бириккен улуттар уюмуна, башка көп эл аралык уюмдарга мүчө болуп, өз алдынча көп багыттуу саясат жүргүзүп, өз тагдырын өзү чечкенге толук мүмкүнчүлүк ала алды. Ошол мүмкүнчүлүктөр канчалык колдонулуп, мамлекет эл, коом канчалык өнүгүп-өскөн мамлекеттердин арасына кошула алды бул узак, оор кеп. Бирок элибиздин руху, кайраты, намысы бийик. Кээ бир учурда эгемендиктин баасын, баркын көп түшүнө бербесек да, бара бара оң, түз жолго түшүп, кетирген каталарыбызды оңдоп, өнүгүү жолуна түшөөрүбүзгө эч кандай шек жок.

Камила ТАЛИЕВА, экс-вицепремьер-министр: “Эгемендик алганы телчигип, изденүү жолундабыз”

- Эгемендик алганыбызга чейрек кылымдан ашуун убакыт болду. Билгенге бир топ эле мезгилди өз ичине камтыган жылдар болду, оңой жылдар болгон жок. Бирок, ошол көз карандысыздыгыбызды, улуу бактыбыздын маани-маңызын, мазмунун, баркын биле алдыкпы, аздектей алдыкпы? Маселе ошондо. Албетте, элдин эркиндигинен зор, кымбат эч нерсе жок. Бул эркиндик үчүн эчен өмүрлөр кыйылган, эчендеген ата-бабалардын каны төгүлгөн. Бу күнгө жетүү үчүн тарыхтын не деген формацияларын басып өттүк. Эгемендик алган жылдардан бери тапканыбыз да көп, жоготконубуз да арбын болду. Кыргызда айтат, “жаман айтпай, жакшы жок” дегендей, бүгүн өзүбүздү сын көз менен карап, улут катары калыптана алдыкпы, албасак, бизге ким жолтоо болуп жатат деген суроо жаралат. Эмне эле артты карап кылчактай беребиз? “Эсил кеткен СССРди эңсегендер да арбын, эгемендигиңдин кереги жок, мурунку жашоо эле сонун болчу”,- деп айткан улуу муун да бар. Эгемендик алган жылдардан бери көздөй эле жол издеп келебиз, өнүгүү жолун, таппай келебиз, ачыгын айтканда изденүү жолундабыз, бул жакшы. Элдин жашоо шарты, материалдык жактан тыңыганы жакшы дечи. Бирок, жалпы элдик кулк-мүнөз, психология, улуттук мүнөз калыптануу жолунда бир канча татаал, тайгак жолдо баратканы, эртең келечеги кандай болот, өсүү, өнүгүү болобу, бул оор маселе... Кептин кыскасы, көптү таптык, көптү жоготтук, телчигип, изденүү жолундабыз! Оптимист бололу, келечекте жол, багыт табылат, буюрса... Улуу майрам элибизге кут болсун! Элдин алтын башы аман болсун! Түгөл бололу!

Сонунбүбү КАДЫРОВА, ырчы, акын: “Эгемендик өтө күчтүү, өтө кубаттуу, демдүү, ар бир инсанга дымак берип турган улуу табылга”

- Эгемендик өтө күчтүү, өтө кубаттуу, демдүү, ар бир инсанга дымак берип турган улуу табылга. Буга жетиш үчүн канча доор, канча кылым арып жол басып, ачыгыбыз ачылып, чачыгыбыз чачылып жүрүп отуруп араң жеттик. Мына ушунун өзү чоң олжо. Оңой эле келип калган жок. Мына ошол Улуу ырыскы - намысыбыз бөксөрүп, өзүбүздү цвилизациянын бир өкүлү катары сезип, нарк-насилди унутуп калган учурга туш болуп калганы өкүнүчтүү. Эге - мен, өзүңө ээ бол деген сөз. А, биз болсо көкүрөгү бош, башы керексиз маалыматка толгон илимпоз сөрөйлөрдүн айынан ушу кезге чейин өзүбүздү таппай келебиз.


Булак: "Майдан.kg" газетасы