Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде билдирди.
Нурболот Үсөнбаевдин маалыматы боюнча, муну менен Кыргызстанда коронавирус жана пневмонияга чалдыккандардын жалпы саны 44 миң 458 адамга жетти.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек шарында 12 адам;
- Ош шаарында 1;
- Чүй облусунда 2;
- Ош облусунда 5;
- Талас облусунда 2;
- Ысык-Көл облусунда 9;
- Жалал-Абад облусунда 11;
- Баткен облусунда 13.