Печать
Категория: Коом
Просмотров: 182

Абакта отуруп алып, ак ырларга көк ырларды аралаштырып жазып, кээде Асан кайгынын икаяларындай кейиштүү, бирок кырчаңгы кайрылууларды жасап турган мурдагы президент Алмаз Атамбаев кримавторитет Азиз Батукаевди жалган документтердин негизинде түрмөдөн бошотуп, принцтерди узаткандай ардактуу экскорттун коштоосунда, атайын жалданган учакка отургузуп, Чеченстанга чыгарып жиберген операцияга түздөн түз жетекчилик кылгандыгын мойнуна алды. Бирок, ал иш анын айтымында, Минскиде паанектеп жүргөн Жаныш Бакиевди Кыргызстанга алып келү максатында жасалыптыр. Анда Жаныш Бакиев кана?

Жаныш Бакиев Белоруссиянын жарандыгын алып, агасы Курманбек Бакиев экөөсү Минскиде жашашууда. Бир да мамлекет өз жаранын ыктыяры менен башка мамлекетке өткөрүп бербейт. Ага мыйзамдары жол бербейт. Кыргызстандын Баш мыйзамында да ошондой жазылган. Эгерде эгемендү мамлекеттин жаранын башка өлкөнүн жарандары же атайын кызматтарынын өкүлдөрү уурдап барып, жазалоо үчүн үчүнчү мамлекетке өткөрүп беришсе, анда эл аралык чоң жаңжал чыгат. Анда Белоруссиянын саясый жетекчилиги Россиянын, Кыргызстандын тийиштү кызматтарынан Жаныш Бакиевдин чачынын бир талын түшүрбөстөн белгилү убакыттын ичинде Белоруссияга кайрып берүнү категориялуу түрдө талап кылмак. Аны эртели-кеч Кыргызстан аткарууга аргасыз болмок. Андай эл аралык тартипти мурдагы президент Алмаз Атамбаев, ал аферага демилгечи болгон Ш.Атаханов, ошол убактагы Башкы прокурор А.Салянова, Президенттин аппаратынын юридикалык бөлүмүн жетектеген И.Жолдубаева сыяктуу кызмат адамдары гана эмес, жөнөкөй окумал адамдар деле эң сонун билишет. Бул өңүттөн алганда, АШАнын өз кайрылуусунда “УКМКнын операциясын колдоп бергеним үчүн Сокенин соту мени 11 жыл түрмөгө отургузду” дегени, башка айрым негизги фигуранттардын да афераны ушул тейде чечмелешкендери эч кимди ынандырбайт. Андан көрө АША канкор Азиз Батукаевдин эркиндигин ири нак акчага саткандыгын, Жаныш Бакиев ойдон чыгарылган жөө жомоктордон экендигин ачык айтып, элден кечирим суроосу керек эле. ”Дело №...” гезити Чеченстандын криминалдык мафиясы А.Батукаевди түрмөдөн бошотуп, алып кетү үчүн Кыргызстандын жетекчилигине 15-20 миллион доллардын тегерегиндеги акча бергендигин ачык эле жазууда. Аны кыйыр түрдө ырастай турган бир мисал. Саламаттыкты сактоо министрлигинин Гематология борборундагы бир врачка А.Батукаевдин ак кан менен ооругандагы жөнүндөгү жалган документке кол коюп берүсү үчүн 50 миң доллар беришсе, ал эки айдан ашык анын сейфинде сакталып турган. Врач кол койбой койгондон кийин аны кайра алышкан. Ал кайдан келген акча? Эгерде кримоперация А.Батукаевди Ж.Бакиевге башма баш алмашуу үчүн жүргүзүлүп жатса, ал 50 миң долларды врачка ким жөндөн жөн эле ыроологусу келген? Эгерде жөнөкөй катардагы врачка 50 миң доллар сунушталса, ошол убактагы саламаттыкты сактоо министри, гематология борборунун директору, сот, Баш прокурор, ГСИНдин жетекчиси ж.б. канчадан алышкан? АШАга канчасы тийген? АША эң жумшак айтканда, аябай эле кызык адам. Тийиштү жайларда дарылай тургандай “кызык адам”. Ал оозун ачса эле башкаларды күнөөлөйм деп жатып өз айыптарынын баарын чукуп таштайт. Ошон үчүн жактоочулары аны тергеп-тескөө иштерине да катыштырышпады, соттук кароолордо да сүйлөтүшпөдү. Анткени, алар АША эргип сүйлөп кирсе, прокурорлордун деле кереги жок болуп, актаганга, жактаганга сөз да калбай тургандыгын алар эң сонун билип турушат. АША кайрылуусунда азыркы бийликтегилерди айыптайм деп жатып, өзүнүн кримавторитет А.Батукаевди мыйзамсыз бошотууга жетекчилик кылгандыгын толук мойнуна алып, ал үчүн 11 жылга эркинен ажыратылгандыгы үчүн укук коргоо органдарын эмес, аракеттеги мамлекет башчысын күнөөлөптүр. “Цезардын аялы ар кандай шектерден сырткары болуш керек” деп айтышкан байыркы Римдиктер. Анын сыңарындай, башкасын айтпайлы, эгемендү мамлекеттин башчысынын криминалдык топтордун лидерлери менен мамиле түзгүсү келгендигинин өзү чоң кылмыш. Мамлекет башчысы Чеченстандын кудайдан жөө качкан баш кесерлери менен кызматташып жаткан жерде мыйзамдуулук жөнүндө айткандын өзү уят. Башка дөдөй инсан болсо да, муну алда качан түшүнмөк. Бирок, эмне кылабыз, АША “өтө эле кызык адам”, аны ыйманы жок, кудайдан жөө качкан колдору кандуу “временшиктер” бизге таңуулап салышкан. Алар убагы келгенде укуктук болбосо да тарыхый жазаларын алышат. Ал өзүнчө чоң тема, өз темабызга кайрылсак, АША өз кызыкчылыгына тийиштүлөрдөн башканы түшүнбөйт, түшүнгүсү да келбейт. Ал эски досун да, биздин укуктук системабызды, кала берсе, коомдук аң сезимибизди да өзүндөй эсептеп, өз деңгээлине түшүргөнгө аракеттенип жатат.


Булак: "Майдан.kg" газетасы