Эске салсак, Кылычбек Саркарбаев 17-февралда Ош шаардык мэриясына караштуу Дене тарбия жана спорт комитетинин төрагалыгынан ок атуу чырына байланыштуу кеткен. Кызматтан кетишине милициянын мурдагы кызматкери Төлөгөн Рахманберди уулунун 14-февралдагы президент Сооронбай Жээнбековго кайрылганы себеп болгон. Ал кайрылууда Саркарбаев аны бутуна атканын айткан.
Мэрия Саркарбаев укук коргоо органдарынан «ок атууга аралашкан эмес» деген тастыктоочу кагаздарды алып келгенин билдирди.
Кызматына кайтып келген Саркарбаев дароо эле шайлоого аттанып, өргүүгө чыгып кеткени белгилүү болду.
Шаардык бийлик Кылыч Саркарбаевди кесиптик кызыкчылыктан улам гана кайра ишке алышканын айтып жатат. Ошол эле кезде мэриядан жумушка жаңы гана кайтып келген Саркарбаев Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу ниетин билдирип, 20-августтан 6-октябрга чейин өргүүгө чыгып кеткенин кошумчалады. Ал кайсы партия менен шайлоого аттанганын тактоого мүмкүнчүлүк болгон жок.
Булак: Элгезит