- “Кыргызстан” партиясы БШКны сотто бир эмес, эки жолу утуп алды. БШК басымдын, кысымдын алдында чыгарганбы?
- “Кыргызстан” партиясынын документтерин артка кайтарууда БШК бир топ процедуралык катачылыкка жол берип алды. Бул биринчиси. Экинчиси, алардын шашылыш чечим чыгарышына кээ бир партиялардын лидерлери жана тарапташтары да себеп болду. Айтайын дегеним, айрым партиянын лидерлери тарапташтары менен Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратына кирип алып, БШКнын мүчөлөрүнүн жана төрайымынын отставкасын талап кылышып, коркутуп, басым кылып, кысым көрсөтүштү. Чынында бул мыйзамга каршы келет. Анткени, БШК деген мамлекет тарабынан корголгон орган. Керек болсо БШКнын жыйыны жүрүп жатканда эч ким аларга тоскоолдук кылбашы керек. Ошондой эле алардын чечимин шантаж кылып, басым да жасаганга да болбойт. Бизде болсо БШК эле эмес, сотторго да басым кылып, шаштырып коколошот. Бул туура эмес. “Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрүнүн тарапташтары да эки сотто тең соттун алдына барып алышып, көк футболкаларды кийип алып, кыйкырышып өкүрүшүп турушту. Булар да соттордун чечим чыгарышына тоскоолдук кылышты.
- Ошондо катачылыкты “Кыргызстан эмес, БШК кетирген болуп калабы?
- Катачылык БШКдан же соттон кетти деп айталбайм. Анткени, соттун чечимин туура же туура эмес деп айтуу азыр эртелик кылат. Бирок, кайсы партия болбосун мыйзамдарды бузуп, туура эмес кадамдарга барып, элдин көңүлүн өзүнө буруп, калпыстыкка жол берсе, мыйзамды бузса, сот тарабынан да, БШК тарабынан да катуу чаралар көрүлүшү керек. Анткени, шайлоодо бир дагы мыйзам бузууга жол берилбеши шарт. Анткени, бизде азыр элдин баары акылдуу. Баары акыйып кайсы партия кай жерден мүдүрүлүп кетет, кай жерден мыйзам бузат деп карап отурушат. Ошон үчүн “көрбөйт деп уруулук кылба, укпайт деп ушак айтпа” дегендей эле болуп жатат.
- “Кыргызстан” партиясы менен БШКнын ортосундагы жагдай жарандык көзөмөлдүн күчтүүлүгүнөн чыктыбы же БШК өз жоопкерчилигинен коркуп, сотко бергенден чыктыбы?
- Чыр эки тараптан тең чыкты. Биринчиси, “Кыргызстан” тарап өз убагында документтерди алып келбей, ыйгарым укуктуу өкүлүн убагында жибербей, талаптарды аткарбай, олуттуу катачылыкка жол берип, чырдын чыгышына шарт түздү. Шайлоо комиссиясы да шашып чечим кабыл алып койду. Кыскасы, эки тараптан тең кемчилик кетти. Сот болсо ишти карап, өз чечимин чыгарды. Жарандык көзөмөл болуш керек бирок, жарандык көзөмөл десе эле мамлекет тарабынан корголгон БШКнын имаратынын ичине кирип барып, ызы-чуу салып, басым кылбаш керек. Кыйкырып, басым кылган жакшылыкка алып барбайт. Мага “Кыргызстан” партиясын оюндан чыгара албай жаткан айрым партиялар “БШКдан өтпөй калып, шайлоого катыша албай калса экен. Алардын шайлоочулары бизге өтүп, парламентке келип калсак экен”- деп жанталашып жаткандай эле сезилди. Анткени, кыйкырган партиянын баары өздөрүнүн алсыздыгын сезип жатышкансыйт. Күчтүүбүз деп өзүнө ишенген партиялар аларчалык кыйкырышкан деле жок.
- Президент резиденцияда өткөргөн Коопсуздук кеңешинин жыйында “форма 2” дегендин негизинде добуш сатып алуу, махинациясына токтолду. Президент санаркаган “форма2ни” кимдер эмне максатта кылышы мүмкүн?
- Туура, президент “форма 2” боюнча шайлоочуларды өзүнүн регионунан башка жактарга которуп, добушун сатып алып шайлатканга аракет кылып жаткан жагдайлар тууралуу пикирин билдирип, тиешелүү тармактын чара көрүшүн талап кылды. Анткени, “форма 2” деген катталган жерден башка жерге барып, добуш берсе болот деген документ. Ошон үчүн президент андай добуш саткан, добуш сатылып алынган жагдай орун албасын, талапкерлер менен партиянын лидерлери элди бир жактан экинчи жакка которуп, элди бушайман кылбасын деп, тиешелүү органдар чара көрүп, ушундай иш менен алек болгондордун бетин ачкыла деген тапшырма берди да.
- Неге президент эрте жарыкта эле “баарыңарга мандат жетпейт. Утулгандар миңдеген кишилерди көчөгө чыгарбай утулганыңарды мойнуңарга алгыла” деп жатат?
- Президент шайлоо жоопкерчиликтүү маселе экенин айтып, шайлоо тынччылыкта мыйзамдын негизинде өтүшү керек экенин баса белгиледи. Ошон үчүн бир партия утат, бир партия утулат. “Баарына мандат жетпейт. Уткан партиялар сүйүнөт, утулган партиялар күйүнөт. Утулган партиялар татыктуу утулууну билиш керек. Утулган партиялар утулганын мойнуна алып, күчтүүлөрүн сыйлап унчукпай калышы керек. Антпей миңдеген тарапташтарын көчөгө алып чыгып, тополоң кыла турган болсо, тиешелүү чара көрүлүп, баасын алат”- деди. Президент бул сөзү менен шайлоонун алдында партиясы өтпөсө да чыр чыгарууну максат кылгандарга эскертүү жасады. Анткени, өлкөнү чайкабаш керек. Кыргызстанды Белоруссия, Украинадай кылганга аракет жасап, чыр чыгарып, аны тутантып, бийликти алмаштырууну каалагандар да болот. Ал турсун ички ишибизге кийлигишкен эл аралык уюмдардын изилдөөлөрү пайда боло баштады. Мониторинг борбору жакында кайсыл эл аралык уюмдар биздин ички ишибизге кийлигишип жатканын жарыялайбыз деп турабыз.
Булак: "Майдан.kg" газетасы