“Бүтүндүн” катары азайып, жарты болуп калды
Үгүт, жарнама иштерине старт берилердин алдында аты болгон менен затында эч нерсе калбаган “Эркин Кыргызстан” (“ЭрК”) партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан кеткендигин маалымдады. Тизмеде алдыңкы ондукта болуу үчүн “Бүтүндүн” лидери андан 200 миң доллар сураган экен, ал “10 миң доллардан ашык бере албайм” десе, “анда сени төшөк жаңырткандыгы жагынан рекорд койгондугуң үчүн депутат кылмак белем, төрт тарабың кыбыла” деп тизмесинен сызып, партиясынан айдап чыкты. Турсунбай Бакир уулу “Бүтүндүн” конференциясы бекиткен тизмеде 15-орунда болсо, БШКга тапшырылган тизмеде таптакыр жок болуп калгандыгын айтып, даты ичине батпай жер сабап жүрөт. Партиянын конференциясы бекиткен тизмени лидердин өзгөрткөнгө укугу жок. Бирок, конференцияда тизмеге киргендер ачык окулбастан “сен мынчанчы, ал анчанчы орунда” деп жең ичинен гана айтылып, ачык жарыяланбагандыктан А.Мадумаров тизмени БШКга тапшырарда каалагандай кылып өзгөртүп салыптыр. Эгерде “Бүтүндүн” конференциядагы тизмеси БШКга тапшырганда чындап эле өзгөрүп кетсе, БШКнын жетекчилери анын лидерине карата тийиштүү чараларды көрүшү керек эле. Бирок, алар партиялардын конференцияларындагы тизмелерге кызыкмак түгүл, өздөрүнүн кире беришиндеги негизги саатын да убагында оңдотушпагандан улам “Кыргызстан” партиясынын документтерин кабыл алуудагыдай чектен чыккан көрүнүштөр орун алууда. Ал үчүн БШКнын мүчөлөрүнүн бардыгын отставкага кетирип, жаңыларын шайлоо керек эле, бирок цейтноттук абалдан улам алар азырынча жазадан четте калышты. Бул өзүнчө чоң маселе. Ал мындан ары дагы көтөрүлөт деп ойлойбуз. Буга чейин олуттуу пикир келишпестиктерден улам адегенде Темир Сариев, анан Абдыманап Кутушев, Мурадил Мадеминов “Бүтүндөн” чыгып кетишкен. Аларга да Турсунбай Бакир уулунукундай 200 миң долларлык салык себеп болгонбу, же башкасыбы, анысын так билбейбиз, бирок убагында премьер-министр да болуп, президенттик жарышка да катышып, миллиондорду чачкан Темир Сариевдин 200 миң долларды таппай калгандыгынан улам кеткендигине ишенүү кыйын. Билишибизче, жогоруда аталгандардын жана башкалардын “Бүтүндөн” кетүүсүнүн башка себептери да бар экен. Алар кайсылар?
Команда түзгөнгө жөндөмү жок саясатчы
Адахан Мадумаровдун мурдатан өз пикирин гана туура деп эсептеп, башкалардын амбицияларын, жүйөлөрүн таптакыр эске албай, кылдай нерсе үчүн да кыжылдактарды көбөйтүп, жөн жерден чыр-чатактарды чыгарганга маш инсандардан экендиги белгилүү. Адатта жаш өйдөлөгөндө адамдардын көпчүлүгү мурдагы жаман адаттарынын көбүн ташташып, оор басырыктуу, сабырдуу, кечиримдүү боло башташат. Бирок, билгендер Адахан Мадумаров мурдагы жаман адаттарын калтырбастан, тескерисинче, ашкере кыжың, чыр-чатакчыл болуп, партияда ынтымак, биримдик деген калбай бараткандыгын айтышат. Оор басырыктуулар эки-үч ооз сөз менен бир жаңсыл кыла турган маселелерди ал баш аягы көрүнбөгөн дискуссияларга айландырып, кимди болбосун тез эле жадатып бүтөт. Андай дискуссиялардын айрымдары чыр-чатактар, араздашуулар, бөлүнүүлөр менен аяктайт. Ошон үчүн бир саясый кампанияда аны менен чогуу болгондор экинчи ага кошулушпайт. Партияга өмүрлөрүнүн теңин арнап, лидерине чоң-чоң үмүттөрүн аркалагандар массалык түрдө кетип жатышат. Ошондуктан ар шайлоо сайын жаңы адамдар менен чыгат, бирок дайыма утулат. Анын азыркы тизмесинин алдыңкы катарында күркүлдөр, чыгаандар жок. Алар мурда эле андан кол үзүшкөн. Саясый доорлору эбак өткөн жыдыгандар, ар жактардан куулгандар, башка фаворит партиялар баш ийкегенге да ыклас кылбаган одиоздуу инсандар гана калган. Алар менен ал бул ирет да мурдагы жаңылыштыктарын кайталаганы, мурдагыдай эле утулганы турат. Бирок, ал А.Мадумаровдун жана ага бул жолу ыктагандардын өздөрүнүн жекече маселелери, кандай айныйм, кайсыл ташты сүзөм десе да ар кимдин ыктыяры өзүндө. Биз мында терс сапаттарынан улам “Бүтүндүн” лидеринин туруктуу тилектештери, өнөктөштөрү жоктугун, ошондон улам утурумдук попутчиктери менен дайыма утулуп келаткандыгын гана баса көрсөтө кеткибиз келет. А.Мадумаров топ жаргыч чечен, трибундук сапаты, аздыр-көптүр туруктуу электораты да бар, бирок узак убакытка иштей турган саясый команда түзө албагандыгынан улам электораты шайлоодон шайлоого азайып, саясый банкроттукка жакындап бара жаткан саясатчы. Бизде андайлар көп, бирок өздөрүнүн андай абалдарын билишпегенден улам акчаларын жөн эле чачышып, аягында Пушкиндин ач көз кемпириндей тамтыгы чыккан тепшини кучактап калышууда. Бул шайлоодо А.Мадумаровдун жеке өзү канча каражат сарптаары белгисиз, тизмедегилердин алдыңкыларынын ар биринен 200 миң доллардан чогултса, жанынан сокур тыйын чыгарбай, тескерисинче, капчыгын калыңдатып алышы мүмкүн. Шайлоонун технологияларын ичтен жакшы билгендер партиянын лидерлери үчүн парттизмени түзүү - өзүнчө пайдалуу чоң бизнес деп бекер жеринен айтып жатышпаса керек. Ырас эле, айрым партиялардын лидерлери өздөрүнүн босоголук чекке жетпей жыгыларын айдан ачык билип турушса деле, “аңкоолордун” акчаларын кагып алуу үчүн эле парламенттик шайлоого катышышат окшойт. Ал тууралуу бир жактуу жыйынтык чыгара албайбыз. Айрымдардын А.Мадумаров үчүн бул жолку шайлоо ак куунун ырындай акыркы саясый кампания болот, кийинкилерине адамдык, каржылык, электораттык ресурстары калбайт деп жатышкандарында жүйөлүү негиздер бар. Ал гана эмес, “Бүтүндүн” тизмесинин алдыңкы орундарына жалаң саясый акыркы дүрмөттөрү калгандар чогулушкан. Ага тизмеге үстүртөн көз таштаган адам ишенет.
“Бүтүн” жаштарынын баарынан айрылды
Өмүрбек Текебаев өзүнүн парламентке илинерине көзү жетпегенден кийин жалаң жаштарды алдыңкы орунга чыгарды. Өзү парламентке келерине шансы болсо, андай кадамга барат беле же жокпу, эми жаштар анын күткөнүн, үмүтүн актайбы же жокпу, аны бир кудайдын өзү билет. Бирок, эмнеси болсо да жаштарга жол бергендиги жакшы иш болду. Жаштарга жол бергиси келбегендерди мезгил өзү эле четке сүрүп таштайт. Убакыт, доор менен эч ким атаандаша албайт. “Бир болдун” алдыңкы сабынын көбүн жаштар түзөт. Чын эле жагабы, жакпайбы, инсандык, кесипкөйлүк сапаттары өйдөтөмөнбү, иши кылып кандай болбосун келечек жаштардыкы. Аманчылык болсо, дагы 10-15 жылдан кийин А.Мадумаров чайкана, кафелерди, эс алуучу жайлардагы, сейил бактардагы бильярд, шахмат, шашки ойноочу аянттарды көркүнө чыгарган кежир чалдардын бирине айланат. Мында айтарыбыз, партиясынын бүгүнкүсүн гана эмес, эртеңкисин да ойлогондор жетекчиликке, тизмеге жаштарды да аралаштырып, аларды алдыга түртө берүүлөрү зарыл. Бирок, Адахан Мадумаров көп убакыттан бери “Бүтүнүнүн” жаштар канатын жетектеп келген Мырзахит Мырзаев дегенди тизменин эң акырына сүрүп салган экен, ал менин көп жылдык аракетимди, мээнетимди баалабады деп партиядан кетти. Аны ээрчип дагы жоон топ жаштар мындан ары “Бүтүн Кыргызстан” партиясы үчүн иштешпей тургандыгын билдиришти. Алардын бири - Динмухаммед Ыбрайымов деген. Ал партияга он жыл эмгек кылса да тизменин эч жерине илинбегендигинен улам “Бүтүндү” таштап кетти. А.Мадумаровго нааразы болуп жүргөндөр андан көп. Же ал бул ирет партиясынын тылын да жылаңачтап салды. Квота үчүн киргизгендери акчалуулардын балдары, кыздары. Алардын “Бүтүндү” ургандары деле жок, парламентке өтсө, өтүшпөсө да убагы келгенде А.Мадумаровго, партиясына кыйылбай кол шилтеп кете беришет. Ал азыркы саясый мейкиндик үчүн көндүм көрүнүш болуп калды. Шайлоого келгенде партия үчүн 10-15 жыл кызмат кылгандар унутулат да тизмедеги орундардын бардыгын партияда бир күн да болбогон токочтуулар ээлеп алышат. Аны көргөндөн кийин ,албетте, партиянын эски активисттери нааразы болушуп, “байдын кызы болмок түгүл үрдүн кызы болсоң да урдум” дегендей, партияны таштап кетип калышат. Же 4-октябрдан кийин А.Мадумаров жалгыз калганы турат. Тилекке каршы, бул башка партияларга да мүнөздүү көрүнүш. Ошон үчүн Кыргызстанда бир да партиянын ишенимдүү саясый келечеги жок. Акчаң болбосо баары бир тизмеге илинбегенден кийин партияларга кызмат кылгандын кандай зарылчыгы бар? Бул “Бүтүн Кыргызстан” үчүн гана эмес, башка партия атпайлар үчүн да келечектерин жок кыла турган опурталдуу көрүнүшкө айланып бара жатат.
Аркасы таза эместин мыйзамдуулук жөнүндө сүйлөгөнгө укугу барбы?
А.Мадумаров оозун ачса эле мекенчилдик, акыйкаттык адилеттик, мыйзамдуулук, тазалык, коррупцияга каршы аёосуз күрөш жөнүндө сүйлөйт. “Коронавирус деген оору жок, ал айрым саясатчылардын, фармацевтикалык мафиянын мүчөлөрүнүн ойлоп чыгарганы. Ага биздин мээси жок жетекчилер да ишенип алышты” деп кыйкырып жүрдү эле, пандемия күчөгөндө өзү эки кабат бет кап тагынып, калдайган кара көз айнек тагынып, андан да чоң кепканы баса кийип, супер маркеттердин биринде каптай калтасын арак, вискиге толтуруп жүргөнү интернетке чыкты. Пандемия убагында адамдардын көп өлгөндүгүндө анын да салымы бар. Мурда чоң-чоң кызматтарда иштеген, өлкөгө белгилүү саясатчы “коронавирус деген илдет жок” деп теле, радиолордон кыйкырып жатса, ага элдин бир бөлүгү ишенип, бет каптарды, антисептиктерди пайдаланганды токтоткондуктарынан улам июндун аягында, июлдун башталышында илдет өзгөчө күчөп кетти. Эми ал үчүн ким жооп берет? Бет кап тагынбай жүргөндөрдү коркутуп-үркүтүп, аш-тойлорду өткөргөн кафе-ресторандарга айып пулдарды салгандан мурда андай иштерге жарчы, идеолог болгондорго тийиштүү чаралар көрүлүшү керек эле. Бирок, ал аткарылбады. А.Мадумаров спикер болуп турганда өзү отурган кабинеттин дубалын Арстанбаптын уюл жаңгагы менен каптатканы үчүн кызматынан айдалган. Андан кийин БАКС менен Макстын үй бүлөлүк тамадасынын милдетин аткарды. Кумтөрдүн салык үчүн төлөнө турган 32 миллион долларынын БАКСтын шайлоо кампаниясына жумшалуусунда да тиешеси бар. Ал эми Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда Баткендин 5 гектар жерин Тажикстанга узак убакытка ижарага берип жибергенден улам, ал айылда жыл сайын кагылышуулар чыгып, адам кандары төгүлүүдө. Ал үчүн Мадумаровдун жоопкерчилигин суроого эбак мезгил жеткен. Бирок, башкаларга келгенде өтө эле оперативдүү болуп кеткен бийлик Адахан Кимсанбаевичке келгенде эле өзүнөн өзү мокок болуп, жалдырап туруп калууда. Дөдөй чакырыктары менен коронавируска чалдыккандардын сандарын көбөйткөнүнө укуктук баа берилмек түгүл, УКМК же прокуратура эскертүү да бербеди. Минтип ашкере либералдуулук кыла беришсе, ал бир күнү “жумшактыгыңарды билдим, эми моюнуңарга биротоло миндим” дегени турат.
Булак: "Майдан.kg" газетасы