Печать
Категория: Коом
Просмотров: 111

"Кечээ айрым сайттар Жогорку Кеңеш 10 минут эле Гимн ырдап кайра эс алууга кетти деп жазышты. ЖКнын регламенти боюнча быйыл шайлоо жылы эле эмес, жыл сайын ушундай. 1-сентябарда сессия расмий түрдө ачылат. Колду жүрөккө коюп, Гимн ырдашат,  башкача айтканда сессиялык жылдын расмий ачылышы. Андан соң депутаттар комитеттерде иштейт", - деп жазды Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу.

Эске салсак, парламенттин эки айга созулган каникулдан кийин 1-сентябрда ишке чыгып, кайра эле 3-сентябрга чейин тыныгуу алганы маалымат каражаттарына жазылган. Басма сөз кызматынын жетекчисинин айтымында, комитеттер иштейт жана бир катар мыйзам долбоорлору каралат.

"Бүгүн Бюджет жана финансы комитети бир катар мыйзам долбоорлорун карап, эртең палатанын кароосуна алып чыгышы күтүлүп жатат. Бирок, 4-сентябрда шайлоо өнөктүгү башталган соң бардык партияларга бирдей шарттар түзүлүшү керек деген эрежеге ылайык, депутаттар өнөктүк учурунда алдыдагы бир ай бою жыйынга чогулбай калышы ыктымал. Бирок, алар эл өкүлчүлүк ишин жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш келгенге чейин улантат.  Жогорку Кеңештин жетекчилиги, Аппараты, анын ичинде Басма сөз кызматы шайлоо өнөктүгү учурунда деле ишин уланта берет", - деди Нуракун уулу.