Жогорку сот бүгүн, 1-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын "Кыргызстан" партиясына карата жазылган арызын карады. Жыйынтыгында, сот партиянын шайлоого катышуусуна уруксат берди.
Эске салсак, 25-августта БШК "Кыргызстан" партиясы талапкерлер тизмесин ыйгарым укуктуу эмес өкүлүнө тапшыртканы үчүн шайлоодон чететтүү чечимин кабыл алган. Партия бул чечимге макул болбой, сотко кайрылган.
27-августта Бишкектин административдик соту партиянын арызын канааттандырып, БШКнын чечимин жокко чыгарган.