Печать
Категория: Коом
Просмотров: 250

“Бүтүн Кыргызстан” партиясы менен шайлоого аттангандан кийин Курсан Асановго бийлик тарабынан кайрадан кысым күчөдү. Үй-мүлкүн текшерүүлөр, кылдан кыйкым издөө башталганы кабарланды. Ансыз да козголгон кылмыш иштери “токулганы”, ойдон чыгарылганы айтылып келсе, аягы кандай бүтөт? Көпчүлүктүн баамында, генерал Курсан Асанов бир жылдан бери бекемдигин көрсөтүп, өзүнүн ак экенин эл астында далилдөөгө ашыгып, духу жетери байкалды. Ал эми бүгүнкү сотторго коомчулук ишенбей калган, андыктан, бул системанын өкүмү “буйрутма” жана “өзгөрүлмө” экени жалганбы? Эң башкысы, карапайым калктын назарында болуу маанилүү!  

Булак: Aryba.kg