Кыргызстандын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров жана Өзбекстандын премьер-министринин орун басары деңгээлиндеги кеңешчи Мехриддин Хайриддинов Ташкентте кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин талкуулады. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы маалымдады.
Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров чек араны тактоо иштери эмнеге солгундап калганын түшүндүрдү:
«Коронавирус инфекциясынын жайылышынан, ошондой эле бир катар объективдүү себептерден улам, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын иши жайлап калды. Буга карабастан, кылымдар бою коңшулук мамиледе жашап келген бир тууган эл катары, калган тилкелерди делимитациялоо процессин тез арада жыйынтыктоого кам көрүшүбүз керек жана 2017-жылы кол коюлган келишимге ылайык, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо ишин баштоо зарыл».
Булак: Элгезит