"Адам-Демократ", "Бүткүл жаштар саясий партиясы" жана "Таза коом" партиялары Борбордук шайлоо комиссиясына парламенттик шайлоого катышуудан баш тартуу боюнча арыз жолдошту. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.
Эске салсак, парламенттик шайлоо ушул жылдын 4-октябрына белгиленген.
Маалыматка караганда, партиялардын арызы бүгүн, 24-августта БШК тарабынан каралган жана Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу" мыйзамынын 7 жана 18-беренелеринин негизинде чечим кабыл алынган.
Мындан улам аталган үч саясий партиянын толук ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоого алуу жокко чыгарылды, алардын каттоо күбөлүгү жараксыз деп табылды.