Печать
Категория: Коом
Просмотров: 118

Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Субаналиевдин кызматтык ыйгарым укуктары убактылуу токтотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы ачыктады.

Буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

“Кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруу 2020-жылдын 22-августунан тартып шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин токтоду”, — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин ушул эле себеп менен президенттин жана өкмөттүн иш башкаруучусу Турдуназир Бекбоев менен өлкө башчынын Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаевдин ыйгарым укуктары токтогон эле.

Булак: Элгезит