Бөйрөктү тазалоо - организмдеги суюктуктун балансын тартипке салат, ашыкча туздарды алып чыгат. Бөйрөк шлактарга толуп калганда организмде суюктук туруп калат да, шишик пайда болот. Мындан улам өзүңүздү оор, чарчаңкы сезесиз. Ал эми бөйрөктү шлактардан тазалаганда организмдеги ашыкча суунун баары сыртка чыгат. Мунун эсебинен көздүн астындагы, колдогу жана буттардагы шишиктер кетет, тери сыйда болуп калат. Кан да жакшырат, кан басым ордуна келет, баш оору токтойт, уйку өз калыбына түшөт.
Дарбыздын жардамы менен
Дарбыздын маалы башталган убакта тазалоонун бул ыкмасын 7 күн жүргүзөсүз. Ушул күндөр ичинде бир гана дарбыз жана кара нан жейсиз. Мындан тышкары күн сайын түнкү саат 2-3 болушун күтүп, 38-40 градус жылуулуктагы суу толтурулган ваннага отурасыз да, ошол эле жерден бүтүн бир дарбызды жейсиз. Анткени, дал ушул маалда бөйрөк активдүү иштей баштайт да, кумдун бөлүнүп чыгышы жакшырат. Эгер кум менен таштардын заара аркылуу бөлүнүп чыгуусун өз көзүңүз менен көргүңүз келсе, алдын ала идиш даярдап алыңыз да, ошол идишке заара ушатыңыз.
Кумдардын дароо эле бөлүнүп чыга баштаганы байкалса, бир жума жетиштүү болот. Болбосо, бул процедураны үзбөй 2-3 жума кайталоо керек.
Бөйрөктүү тазалоону цистит болуп жатсаңыз, айызыңыз келип жатса жана кош бойлуу болсоңуз жасоого болбойт.
(Интернеттен алынды)