Печать
Категория: Коом
Просмотров: 174

Кыргызстанда коронавирус жана пневмония илдети менен  186 адам  катталды. Ал эми  сутка ичинде  адам өлүмү катталган жок.

Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.

Жаңы катталган учурлар:

- Бишкек шаарында 51 адам;
- Ош шаарында 3;
- Чүй облусунда 12;
- Ош облусунда 25;
- Талас облусунда 8;
- Ысык-Көл облусунда 35;
- Жалал-Абад облусунда 36;
- Баткен облусунда 16 адам.

Муну менен Кыргызстанда коронавирус жана пневмония менен ооруган бейтаптардын жалпы саны 42 889 адамды түздү.