Бул тууралуу ал «Азаттыкка» билдирди.
Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) сайтынан Мирлан Амантуров «Мекеним Кыргызстан» партиясынын шайлоо фондуна 35 миң сом которгонун көрүүгө болот. Амантуров акчаны кызматта отурган учурда берген. Ал партиянын эсебине акча которбогонун, бухгалтериядан ката кетип кийин каражатты өзүнө кайтарып беришкенин кошумчалады.
«Бирок мыйзам бузулган жок. Эгерде мен акча которсом да өз атымдан котордум. Конституциялык укугум бар. Мен эч кимге үгүт иштерин кылган жокмун. Акча да өзүмдүн акчам», — деди ал.
Булак: Элгезит