Печать
Категория: Коом
Просмотров: 218

Активист Айбек мырза Фейсбук баракчасында шайлоого талапкерлигин койбогону тууралуу мындай деп жазды: @Мага тилектештерден, достордон, тааныштардан «Айбек шайлоого катышасыңбы? Кайсыл партия менен?» деген суроолорго жооп.Мен улутчул-мекенчил күчтөр менен биргеликте бир топ идеяларды көтөрүп келем.

Алар төмөндөгүчө:1) Конституциялык реформа элдин тандоосу менен- Бийликтин эл алдындагы отчеттуулугу (Элдик Курултай)- Башкаруунун түрү (Толук президенттик же толук парламенттик)- Шайлоо системасы ( Партиялык, аралаш же бир мандаттуу)- Кен байлыктарды Кыргыз элине кайтаруу, элдин пайдасына иштетүү- Мыйзамсыз менчиктештирилген имараттар, мекемелерди элге кайтаруу ж.б. ушул идеяларды толук колдогон партиялар чыкпагандыктан, шайлоого катышпоону чечтим. Кудай буйруса аталган идеяларды ишке ашырууга болгон күч аракеттерди жумшайбыз. Күрөш алдыда. Ишеним көрсөткөнүңүздөргө ыраазычылык билдирем.

«Партиянын тизмесинде 120 талапкердин ичинен 1 талапкер мага жагат, ошол үчүн ушул партияны тандайм» деген өтө опурталдуу чечим. Анткени Жогорку Кеңеш бул коллегиалдуу орган. Жоопкерчилик 1 адамда эмес, көпчүлүктө. Жогорку Кеңеште депутаттын сөзү эмес, чечими маанилүү. Чечим көпчүлүк депутаттардын добушу менен кабыл алынат. 1 депутат жагат эле деп тиешелүү партияны тандасаң, калган 119 депутаты кыргыз элинин кызыкчылыгына каршы добуш берип жатса анда артык кылам деп, тыртык кылып алабыз. Шайлоо системасы түп тамыры менен өзгөрүлүшү керек. Көпчүлүк тааныбаган, бирок бир лидердин артынан ЖК келип алып, кийин лидерин сатып, бийликтин сөзүнөн чыга албаган депутаттарга тарых күбө.

Булак: Элгезит