Печать
Категория: Коом
Просмотров: 168


Быйылкы коронавирус пандемиясына байланыштуу Түркияда өтүүчү бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары келерки жылга калтырылган. Түркия өкмөтү ал оюндарга даярдыкты эмитен баштаганы маалым болду.

Көчмөндөр оюндары өлкөнүн Бурса провинциясында өткөнү жатканын КРнын Түркиядагы элчилиги маалымдады. Маалыматта белгилүү болгондой, түрк тарап Көчмөндөр оюндарынын негиздөөчүсү катары Кыргызстандын ролун белгилөө менен анын дүйнө жүзүнө таанылуусуна кошкон салымын белгилеген. 2021-жылы Түркиянын Изнир көлүнүн боюнда өтчү оюнда салттуу көрүнүштөр ошол боюнча калары да маалым болду.

Түркия өкмөтү Европанын тоомунда жайгашканын, экономикалык жактан күчтүү мамлекет экенин эске алганда, Көчмөндөр оюндарына бүтүндөй Европадан күйөрмандар келип, оюндардын масштабы, макамы кыйла жогорулаганы турат. Бул албетте, Көчмөндөр оюндарынын мекени болгон Кыргызстанды, кыргыз элин кубандырбай койбойт.

Булак: “Майдан. kg” гезити