Кыргызстандын экинчи президенти Курманбек Бакиев Белоруссиядагы толкундоолордон улам өлкө аймагынан үй-бүлөсү менен чыгып кеткенин айрым маалымат каражаттары жазып чыгышкан. Бул маалыматтын чын-төгүнүн тактоо үчүн NazarNews маалымат агенттиги мурдагы президентке кайрылып, төмөнкүдөй жооп алган:
“Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев Беларуссияны таштап, чыгып кетти”, - деген сөз чындыкка дал келбейт. Мага оор абалда Белоруссиянын президенти А. Г. Лукашенко качкын макамын берип, ал тургай жакшы жашоого шарт түзүп жатса, Лукашенкону кыйын кырдаалда аны эч качан таштап кетпеймин. Аягына чейин жанында болом. Буга чейин дагы мен бирөөнү саткан эмесмин, сатпайм дагы. Учурда Минскте элемин. Дагы кайталайм, бул киши менен аягына чейин болом”.
Белгилей кетсек, учурда Белоруссия масштабдуу толкундоолорду башынан өткөрүүдө. Александр Лукашенко президенттик шайлоодо алтынчы жолу жеңишке жетишкен. Мындан улам анын шайлоодо 80,1 пайыз добуш алганынан шек санашкан атаандаштары жана эл нааразычылык акцияларына чыгышкан. Өлкө бийлиги бүгүнкү күнгө карата акыбал турукташып калганын айтканы менен эл арасында нааразычылыктар дагы да токтой электигин дүйнөлүк маалымат каражаттары жазышууда.