Печать
Категория: Коом
Просмотров: 103

Мамлекет башчысы 19-20-август күндөрү иш сапары менен Нарын облусуна барат, деп билдирди басма сөз кызматы.

Президент Кочкор, Ат-Башы, Нарын райондорунда жана Нарын шаарында коронавирус пандемиясы шартында санариптештирүү жана аймактардагы ички жолдорду реконструкциялоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн көрүп чыгат. Ошондой эле айыл чарба, кайра иштетүү, ирригация, медицина, билим берүү жана энергетика объектилеринин ишмердүүлүгү менен таанышат.

Булак: баракелде