Бул тууралуу Reporter.kg’ге өздүк булактар билдиришти. Жумагазиев “Биримдик” саясий партиясынан талапкер болот.
Канат Жумагазиев 1977-жылы 10-февралда туулган. Кыргыз Мамлекеттик Улуттук Университетин юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолу:
1997-жылдан бери ички иштер органдарында. Ал Чүй облусунун Аламедин райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 10-башкы башкармалыгынын башчысы болуп иштеген. 2016-жылдын июлунан 2017-жылдын ноябрына чейин Чүй облусунун борбордук ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп, 24-ноябрда Ички иштер министрлигинин ЖКККББ башчысы болуп дайындалган, 2019-жылдын 7-февралынан тартып Бишкек ШИИБнин башчысы.
Булак: reporter.kg