«Жакында саясий партиялардын бири өткөргөн съездде «Бишкекжашылчарба» ишканасынын кызматкерлери өстүрүп келген жашыл аймак бузулду. Иш-чаранын уюштурган “Сан Маркетинг” компаниясы LED-экрандарын бак-дарактарга өтө жакын кылып, көк майсанга, айрым жабдууларын так эле мемориалдык комплекстердин үстүнө орнотушкан.
Биринчи май району боюнча Санитардык-экологиялык инспекциясы көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактысын аныктап, «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 120 — беренеси боюнча протокол түзүлдү. Бузуучуларга 13 миң сом өлчөмүндөгү айып пул салынды»,- деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.
Эске салсак, «Ата Мекен» саясий партиясы кечээ, 17-августта, кезектеги сьездин өткөргөн. Анда партия парламенттик шайлоого карата талапкерлеринин тизмесин бекитти.
Булак: Маралфм