Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев белгилегендей, план саламаттык сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга, профилактикалык жана дарылоо иш-чараларын өткөрүүгө, кадрдык дараметти күчтөндүрүүгө, ошондой эле саламаттык сактоо тутумуна маалыматтык технологияларды киргизүүгө багытталган чаралардын 4 блогун өзүнө камтыйт. Пландын долбооруна киргизилген иш-чаралардын баардыгы үчүн каржылоо булагы аныкталды. Аракеттердин басымдуу бөлүгү 2020-жылдын күз мезгилинде жүзөгө ашырылууга тийиш.
Маанилүү иш-чараларга төмөнкүлөр кирет: тез курулуучу 3 инфекциялык оорукана - Бишкек шаарында (100 орундуу), Нарын (70 орун) жана Ош (100 орун); аймактарда 9 саламаттык сактоо объектисин оңдоо жана багытын өзгөртүү; жаңы инфекциялык ооруканаларды жабдуу жана ремонттолгон мекемелерди медициналык жабдуулар жана башка каражаттар менен камсыз кылуу; саламаттык сактоо уюмдарына борборлоштурулган суюлтулган кычкылтек системасын жана 29 мекемеге газификаторлорду орнотуу; «Коопсуз шаар» долбоорунан түшкөн каражатка саламаттык сактоо уюмдары үчүн тез жардам унааларын сатып алуу; медициналык жайлардын инфраструктурасын жана материалдык-техникалык базасын жакшыртууга багытталган.
Адистердин божомолунда күз-кыш мезгилинде демейде болуучу грипп учурунда коронавирус да күч алып, пандемиянын экинчи толкуну жаралып кетиши мүмкүн. Ошондуктан ар бирибиз медиктерге эле ишенип отура бербестен, “Кудай сактанганды сактайт”,- деген сөздү эске алып, илдеттен коргонушубуз керек.
Булак: “Майдан. kg” гезити