Печать
Категория: Коом
Просмотров: 120

Кыргыз темир жолдору бейтапканасынын эмгек жамааты COVID-19 илдетинен сакайган акыркы жаранды үйүнө чыгарышты. Бул боюнча медициналык мекеменин башкы дарыгеринин орун басары Ирина Шевцова билдирди. Анын айтымында бейтапкананын жетекчилиги коронавирусту жеңген пайгамбар жашындагы айымды салтанаттуу түрдө үйүнө узатууну чечти.

Ирина Шевцова: “К.Ж. аттуу 1941-жылы 16-июлда туулган айым биздин бейтапканага 6-августта түшкөн. Бишкек шаарынын тургуну COVID-19 илдетине кабылып, эки тараптуу пневмония болгонун аныктадык. Анын абалы орто болчу. Курагы 80ге кирип калган карыя биздин дарыгерлердин жардамында илдетти жеңип, 15-августта салтанаттуу түрдө үйүнө чыгарылды”, - дейт бейтапкананын башкы дарыгеринин орун басары.

Өз сөзүндө Ирина Шевцова азыркы учурда бейтапкана кадимки тартипте иштеп, медициналык мекеменин багытына туура келген бардык бейтаптарды кабыл ала баштаганын кошумчалады.

Булак: vesti.kg