
Козел в огороде.
Болбосо жөн гана "Огород"-деген атактуу салат. Азыркы келе жаткан шайлоону так ушул огород деген айымдардын салатына окшоштурам. Себеби, баардык партиялардын катарына ар кандай адамдар кошулуп жатышат. Эми съезд деп туруп аралаштырып салышат. Болду "Огород" салаты даяр...
Партиялар катарына таза адамдарды коштук, биз баарынан тазабыз, эми көзүбүз ачылды... Мекен үчүн кызмат кылууга мезгил келди. Уурулардын колун кесем. Жегенин желим, ичкенин ириң кылам. Бизге ишенсеңер гүлдөп өсөбүз. Космоско учабыз. Айга конобуз....
Кыскасы, ушундай убадалар менен 4-октябрга кирип барабыз. Бирок, 3-октябрдын түнү болуп көрбөгөндөй түнкү көпөлөккө айланабыз. Бир эле түн. Беш жылдык өлкөнүн тагдырын, балдарыбыздын келечегин сатабыз...
Ачуу чындык. Мүмкүн мени сөгөсүз. Өзү эмнени кыйратып коюптур дээрсиз. Туура, мен кыйрата албай жаткан себебим, эң арзаны 100 миң доллар сурап жатса, гарантия беребиз 300 миң доллар берсең депутатсың деп жатышса... Кул жеймин дейт куйрукту, Кудай билет буйрукту деп ичимден кобуранып отурам...
Өтө турган партияларды эл өзү эле айта баштады. Ооба, элдин арасында нааразы болгондор көп. Бирок, акчаны көргөндө азгырылып кетээрине күбө болуп келебиз. А мүмкүн бул жолу эл башкача болуп, чындап таза адамдарды тандап калаар деген үмүт бар. Үмүтсүз шайтан дейт элибизде... Дагы эле үмүттүн шооласы үзүлбөй жатат.
Жакшылыктан үмүт бар. Ишеним менен жашап келебиз. Дагы эле ишенип жашай беребиз.
Анда эмесе, огород салатыбыз аш болсун!...