Печать
Категория: Коом
Просмотров: 70

 Бүгүн, 18-августта саат 10:00гө карата Өзбекстанда коронавирус инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 36100 (+173 жаңы учур) адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, жаңы учурлардын ичинен 162 адам Ташкент шаарында, 9 адам Наманган облусунда жана 2 адам Фергана облусунда катталды. Ошондой эле эртең менен эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө Өзбекстанда 31 миң 580 адам илдеттен айыгып, 4280 бейтап дарыланып жатат. Алардын ичинен 178 адамдын абалы абдан оор деп бааланууда.

Булак: Баракелде