Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев «Бир Бол» саясий партиясынын съездинде билдирди. Ал съездге мейман катары чакырылган.
Эл өкүлү съездге катышып жаткан партиянын жаңы жүздөрүнө жана жаштарына кеп-кеңешин берди. Анын айтымында жаштар максатына жетүү үчүн алгач өзүнүн ички дүйнөсүн оңдошу керек. Ага терең билим, терең маданият, терең урмат-сый менен оңдоп, мамлекетти терең урматтаганга жетишсе, бүгүнкү сиздер айткан каалоо-максаттардын баары ишке ашат дейт.
«Мен Алтынбек Турдубаевич менен ат жалында ойногон жаштарды чогултунуз дегем. Оптимизм бар эң негизгиси иллюзияга алдырбагыла. Алдырсаңар өзүңөрдү салыштырганда уят болуп калбаш крек. Жакшы ойлор айтылды. Ошол ойлорду парламентке бараарда ар бир добуш берээрде угуп тургула», -дейт Абдылдаев.
Депутат 2020-жылдын январь, март айларында саясаттан кетүү тууралуу чечим кабыл алганын айтты.
Булак: Маралфм