Жаңыдан дайындалган өкүл эмгек жамаатына 17-августта тааныштырылып, ага вице-премьер-министр Акрам Мадумаров, район акимдери жана облустагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Байыш Юсупов 2013-жылдан бери өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары болуп иштеп келген. 10-августтан тартып өкүлдүн милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Өкмөттүн облустагы мурунку өкүлү Узарбек Жылкыбаев 7-августта парламенттик шайлоого катышуу максатында өз каалоосу менен кызматын тапшырган.
Булак: Элгезит