Печать
Категория: Коом
Просмотров: 122

ЖАН ДҮЙНӨ ЧАКЫРЫГЫ

Кыргызстан, элибиз көп нерселерди башынан өткөрдү. Кан төгүлүп, бир боорлорубуздан ажырадык, бирок андан биз сабак алдыкпы, жокпу?- эми аны тарых таразаалар. Жакшысы, биз менен аймакташ жашаган өлкөлөрдөн мурун жашоонун ак- карасына эртерээк көзүбүз жетип, эркиндикти сүйгөн элибиз учурда канат бүтүп, аны каккылай албай арабөк турабыз.

Аң сезимдүү, табиятынан касиет менен жашаган элибиз тээ түпкүрүндө баарын сезип, туяп турганы менен баягы эле көкүрөк уялаган ак көнүл, ишенчээктигибизден кайсынысы ак- кара деп, тигил ыйлактаса ага боорбуз ооруп, ууру- кескилер «биз акпыс»- десе аларды кыя албай, айтоор чайналып турган кез.

Кудай бир кезде боз топуракка айланган жаратылышыбызга өзгөчө көрк берип, балким эми анда жашаган «эки буттуларын»- тазалап, иргеп аткан болбосун. Балким кудайды оозанып, жасаган иштери башкалар «өз башына»- келген сыноолорун түшүнүп, камактагысы, бошубу курун мойнуна салып, КЫРГЫЗ элинен кечирим сурап, ичкен- жегенин өз ыктыяры менен төлөп, эртең Кыргызстан биздики болот деген шайтандардын «тилегин таш капсын»-деп Жаратканга жалынам!

Эмнеге эле, ынтымакка чакырган канчалаган чакырыктар кулакка кирбей, арам оокатка семиргендер эл менен эсептешпей, башына иш түшсө, «элим»- деп, бутун жалагандардын күнү качан аяктаар экен.

Айтоор эрте менен турганда сонун сыяктуу сезилген иштер, түшкө жетпей кулап, эл көзүнө «мыкты»- делгендер жек көрүндү «ууру, жегич» болуп атканы бекеринен эместир… Айтоор ар- бирибиздин «жан дүйнөбүздөгү» өзгөрүүлөр КЫРГЫЗ ЭЛИНЕ, Ааламга кетчү күндөр алдыда деген сезим менен жашап, үмүттөр алга жетелейт!!!КЫРГЫЗ, Кыргызстандыктар бактылуу жашоого татыктуу!

 -