Печать
Категория: Коом
Просмотров: 87

Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга Чолпон-Ата шаарында “Нуке” аттуу адам өз үйүндө мыйзамсыз баӊги затын сактап жүрөт деген маалымат түшкөн. Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, мыйзамсыз баӊги затын сактаган адамдын аты-жөнү аныкталып, ал ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары турган, Чолпон-Ата шаарынын 23 жаштагы Э.Э. аттуу жараны болгон.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында шектүү адамдын үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлгөндө, целлофан баштыктын ичинде салмагы 295 граммды түзгөн күрөӊ-жашыл түстөгү зат табылган. Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгы, алынган зат марихуана экени аныктаган. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө жүрүүдө.

Булак: media-center.kg