Печать
Категория: Коом
Просмотров: 139

Ошондой эле, ал кийинки толкун күздүн соңку айларына туш келиши мүмкүн экенин билдирди.

“Июль айында эң чоң көрсөткүч болду. Бардыгыбыз кыйналдык. Биринчиден, анда эң оор абалда келгендер көбөйдү. Экинчиден, мындай толкунга биз даяр эмес элек. Карантин убагында бардыгы санитардык-эпидемиологиялык режимдерди сактап турган эле. Мына биз кошумча орундарды ачтык, күндүзгү ооруканаларды ачууга да туура келди. Негизинен Бишкек шаарындагы медициналык мекемелерге жүк болду. Медициналык кадрлардын, жабдуулардын жетишпестиги да ушуга себеп болду. Эми эч ким экинчи толкун болбойт деп кепилдик бере албайт. Ошондуктан “менде антитело бар, ооруп чыктым, эми оорубайм” дегенден алыс болуп, санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактайлы. Азыркы божомолдо ноябрь-декабрь айларында сасык тумоо менен респиратордук-вирустук инфекция кошулганда, кандай болот деген коркунуч турат. Бирок бизде буга медициналык кызматкерлерде максималдык даярдык бар”, — деди Мадамин Каратаев.

Булак: Элгезит