Печать
Категория: Коом
Просмотров: 92

2020-жылдын 15-августунда  200 кишиден турган медицина кызматкерлеринин кезектеги тобу эс алып, ден соолугун чыңдоо үчүн Ысык-Көлгө жөнөтүлдү. Алардын арасында Ош, Талас облусундагы жана Бишкек шаарындагы медициналык мекемелерде, илдеттин очогунда иштеген дарыгерлер, мээрмандар, техникалык эмгек жамааттын өкүлдөрү жана ыкчам медициналык жардам көрсөтүү кызматынын айдоочуларына чейин бар. 

Медицина кызматкерлеринин кезектеги тобу Ысык-Көлдөгү “Эне Сай” пансионатында 7 күн эс алышмакчы. Каржылоо маселеси эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду тарабынан чечилди.

Эскерте кетсек, акыркы 3 аптанын ичинде 450дөн ашуун медкызматкерлер  Ысык-Көлдө эс алып келишкен. Бул иш 2020-жылы 15-июлда КР Президенти Сооронбай Жээнбеков менен медицинанын илимий ишмерлеринин ортосунда болуп өткөн жолугушуудагы  чечиминин негизинде ишке ашырылууда.